Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

БШКга Таалайбек Сарыбашевдин диплому боюнча арыз түштү


Таалайбек Сарыбашев
Таалайбек Сарыбашев

Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттыкка "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан талапкер Таалайбек Сарыбашевдин жогорку билими тууралуу дипломун текшерүү боюнча арыз түштү. Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Акбалык Жумалиева билдирди.

​Буга чейин Ош шаарынын мурдагы мэри, учурда "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Таалайбек Сарыбашевдин диплому күмөн жаратат деген маалыматтар чыгып келген. Анын 1995-жылы Ош техникумун аяктаганы тууралуу документи жасалма экени айтылган. Сарыбашев 2008-жылы Ош мамлекеттик университетинде юридикалык билим да алганын билдирген.

Таалайбек Сарыбашевдин өкүлү Азамат Абсатаров экс-мэрдин дипломдоруна байланыштуу маселе жок экенин "Азаттыкка" билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына Социал-демократтар партиясынан талапкер болгон Рыскелди Момбековду диплом боюнча чырдан улам шайлоодон четтетти. Момбеков буга байланыштуу сотко арызданарын билдирди. 24-ноябрда ал видеокайрылуу жасап, бийликти сындап келаткандыктан кысымга кабылганын айтты.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүткөнү тууралуу жасалма диплом алганы боюнча БШКга маалымат берген. Аталган университеттин адистери да ага диплом берилгени тууралуу архивдик материалдарда документтер жоктугун билдиришкен.

Саясатчынын өзү муну кескин четке кагып келет.

2021-жылы кабыл алынган жаңы Шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жогорку билимдүү болушу керек. "Ата Мекен" партиясы аталган норма адамдын конституциялык укугун чектейт деп Конституциялык сотко кайрылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG