Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:34

Сочиде Орусиянын ортомчулугу менен азери-армян сүйлөшүүлөрү өтүүдө


Сочидеги жолугушууга Никол Пашинян учуп келди. 26-ноябрь, 2021-жыл.
Сочидеги жолугушууга Никол Пашинян учуп келди. 26-ноябрь, 2021-жыл.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өткөн жылдын 10-ноябрынан бери Карабактагы орусиялык бейпилдик күчтөрүнүн жооптуу зонасында олуттуу окуялар болбогонун айтты. Бул тууралуу Алиев жума күнү Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолукканда билдирди.

Эки тараптуу жолугушуудан кийин Путин, Алиев жана Пашиняндын үч тараптуу сүйлөшүүсү болду. Андан кийин Владимир Путин менен Никол Пашинян өзүнчө жолугары кабарланды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Сочидеги жолугушууда “Тоолуу Карабакты абалды жөнгө салуунун мындан аркы чаралары, ошондой эле аймактагы экономикалык жана транспорттук байланыштарды ачуу талкууланат”.

Никол Пашинян менен Илхам Алиев быйылкы жылдын эсебинен экинчи ирет бетме-бет жолугушуп жатат. Биринчиси, 11-январда Москвада Путиндин катышуусунда болгон.

Тоолуу Карабактагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча үч өлкөнүн лидерлери былтыр 2020-жылдын 9-ноябрындагы ок атышууну токтотуу боюнча келишимдин аткарылышын карашат. Былтыр ушул күнү Путин, Алиев жана Пашинян Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча келишимге кол коюшкан. Бул Ереванда оппозициянын нааразычылыгын жараткан. Келишимге ылайык, Баку 90-жылдардын башында армян аскерлери басып алган аймактын олуттуу бөлүгүн кайтарып алган.

Ок атышпоо режимин көзөмөлдөө Орусиянын бейпилдик күчтөрүнө жүктөлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG