Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Арон Атабекти эскерүүгө келгендерге полиция тоскоолдук жасады


Казакстан. 15 жылдан кийин абактан чыккан 68 жаштагы казак диссидент акыны Арон Атабекти акыркы сапарга узатуу зыйнаты Алматы, 26-ноябрь, 2021 жыл
Казакстан. 15 жылдан кийин абактан чыккан 68 жаштагы казак диссидент акыны Арон Атабекти акыркы сапарга узатуу зыйнаты Алматы, 26-ноябрь, 2021 жыл

Чимкентте 26-ноябрда эки күн мурун каза болгон диссидент-акын Арон Атабекти эскерүү иш-чарасы өтө турчу Касирет мемориалына полиция күч менен кирип барды. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына жергиликтүү активисттер билдирди.

Активист Калкаман Омардын айтымында, Арон Атабекти акыркы сапарга узатуу зыйнаты болгон күнү санаалаштары маркумдун жаркын элесине таазим кылуу үчүн "Трагедия" мемориалына барышкан. Бирок алар келери менен полиция кармап кеткен.

"Бизди көрөрү менен полиция келип, кармап алып кетишти. Айрымдарын Каратау райондук ички иштер бөлүмүнө алып барып, манжа изин алып, сүрөткө тартып, түшүндүрмө талап кылышты. "Арак ичкенсиңер" деп анализ үчүн наркологиялык диспансерге жеткиришкен. Эч нерсе таппай, түштөн кийин үйлөрүнө кайра коё беришти", - деди ал.

Жарандык активист Айжан Жолдасованын айтымында, саат 10:00дө "Трагедия" мемориалынын алдына чогулган активисттер Арон Атабекти эскерип, митинг-реквием уюштурууга аракет кылышкан. Бирок үйдөн чыгып бараткан жеринен райондук полиция аларды кармап кеткен.

Чимкенттеги айрым активисттердин үйлөрү полиция тарабынан тинтүүгө алынганы кабарланды. Арон Атабекти акыркы сапарга узатуу зыянатына катышуу үчүн алар Алматыга жөнөшкөн.

Активисттердин бул айткандары боюнча Чимкент шаардык ички иштер башкармалыгы комментарий бере элек.

68 жаштагы диссидент акын Арон Атабек 24-ноябрда Алматыдагы ооруканада каза болгон. 26-ноябрда анын сөөгү жерге берилди.

Диссидент “Шанырак окуясы” боюнча соттолуп, 15 жыл абакта отурган. Ал ден соолугуна байланыштуу 1-октябрда бошотулган. Атабек өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, толук актоону талап кылган.

Ал эркиндикке чыккандан кийин бир топ активисттер жана саясатчылар аны коргоо комитетин түзүп, эл аралык сотко кайрылып, Арон Атабектин ишин кайра кароого аракет кылаарын билдиришкен. Эл аралык укук коргоо уюмдары жана жергиликтүү активисттер анын өлүмүнө бийликти күнөөлөп, түшүндүрмө берүүнү талап кылышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG