Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү Асамидин Мариповдун ишин текшерди


Асамидин Марипов.
Асамидин Марипов.

Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү Ноокат райондук ооруканасынын жетекчиси Асамидин Мариповдун ишмердүүлүгүн текшерип, административдик ресурс колдонгонун аныктай алган эмес.

Облустук өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулунун айтымында, Мариповго карата айтылган доолор далилденген жок.

"Комиссиянын мүчөлөрү оорукананын дарыгерлеринен сураган учурда, алар тастыктаган эмес. Ошол эле учурда райондук ички иштер бөлүмүндө иш тергелүүдө. Анын жыйынтыгы азырынча чыга элек".

Асамидин Мариповдун үстүнөн президент Садыр Жапаровго арыз жазылып, 19-ноябрда атайын комиссия түзүлгөн. Арыз ээлери дарыгерди ооруканадагы кызматкерлерди өзүнүн талапкер уулу Бакытбек Мариповго добуш берүүсү үчүн кысым көрсөтүп жатканын айтышкан.

Райондук оорукананын жетекчиси Асамидин Марипов "Азаттыкка" курган маегинде айыптоолорду четке кагып, айдын башында эле эмгек өргүүсүнө чыгып кеткенин айткан.

№5 Ноокат шайлоо округунан анын уулу - Бакытбек Марипов талапкерлигин койгон. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG