Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Лукашенко мигранттарды өлкөдөн чыгарбайт


Беларустун логистикалык борборундагы мигранттар.
Беларустун логистикалык борборундагы мигранттар.

Александр Лукашенко Беларус Жакынкы Чыгыштан келген мигранттарды өз өлкөсүнө депортация кылбай турганын билдирди. Лукашенко беларус-поляк чек арасына барып, Брузги чек ара бекетинин жанындагы логистикалык борборго жайгаштырылган мигранттар менен жолукту.

Беларустун мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары Лукашенко "каалабасаңар, биз силерди кармап, учактарга жүктөп, эч качан үйүңөргө күч менен жөнөтпөйбүз" деп айткан сөзүн жазып чыгышты. Ошондой эле андагы мигранттар Лукашенкону кол чабуулар менен тосуп алганын жазышты.

Александр Лукашенко Беларус мигранттар үчүн "колдон келгендин баарын жасарын" убада кылганы да кабарланды. Бирок ал кандай жардам экени айтылган эмес.

Евробиримдик Лукашенконун режимин "чек арадагы миграциялык кризистин артында турат "деп айыптап, беларус бийлиги Жакынкы Чыгыштан адамдарды Минскиге азгырып, Польшанын аймагына өткөрүүгө аракеттенгенин белгилеген. Минск муну менен Батыштын санкцияларына жооп кайтарып, максаты Евробиримдикти туруксуздукка алып келүүгө багытталганы айтылган.

Ноябрдын башында чек арадагы кырдаал кескин курчуп, акыркы күндөрү бир аз жайгарылды. Чек араны бузуу аракеттери азыраак катталганы айтылууда. Качкындардын стихиялуу лагерлери жок болуп, беларус бийлиги мигранттарды логистикалык борборго жайгаштырды.

Миңге жакын мигрант Беларустан чыгып, Иракка кайтып келгени кабарланды. 26-ноябрда дагы эки учак Минсктен Ирактын Эрбил шаарына 617 мигрантты жеткиргенин Deutsche Welle кабарлады.

Беларус менен Польшанын чек арасында 2 миңдей мигрант калды. Лукашенко Германиянын канцлери Ангела Меркелге бул адамдарды кабыл алууну сунуштап, калган бардык качкындарды мекенине кайтарууну убада кылганы кабарланган. Бирок Евробиримдик бул сунушту кабыл алган жок.

Human Rights Watch укук коргоо уюму Варшава менен Минск чек арадагы миграциялык кризис үчүн жоопкерчиликти тең бөлүшөрүн билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG