Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

Сузакта жоголгон тогуз жаштагы Сумаянын сөөгү табылды

Сузакта он күндөн бери дайыны чыкпай жаткан тогуз жаштагы Сумая Хосилжонованын сөөгү табылды. Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, аны 27-ноябрда Арал айылынын аймагынан, Көгарт дарыясынын жээгинен табышкан. Сөөктү кыздын атасы тааныган.

Милиция териштирүүнү улантууда.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, 2012-жылы туулган Сумая үйүнөн 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке чыгып кеткен. Бирок ошол күнү окууга барган эмес. Сумаяны айрымдар маршруткага түшүп кеткенин көрүшкөн.

Мектепке кеткен боюнча дайынсыз жоголгон кызды милиционерлерге кошулуп 100дөй ыктыярчы издеди. (TB)

​
XS
SM
MD
LG