Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Шайлоо: бир мандаттуу округдардан 282, партиялык тизмеде 1004 талапкер ат салышууда


Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер ат салышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, талапкер болууга дегенде 381 жаран арыз берип, алардын 330у катталган. Кийинчерээк 47си өз арызы менен, экөө БШКнын чечими менен талапкерликтен чыгарылган.

Ошондой эле 21 партиянын тизмесинде 1004 талапкер депутаттык мандат үчүн күрөшүүдө.

Кыргызстандагы жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул ирет 90 депутатка мандат берилет. Партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Бүгүн, 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Шайлоочулар эки бюллетенге добуш берет. Биринде партияга жана ошол партияда өзү колдогон талапкердин катар номурун белгилейт.

Экинчи бюллетенде бир мандаттуу округдан катышып жаткан талапкерлерге добуш берет. Бюллетендерде "баарына каршы" деген графа да болот.

Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан кийин жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. VI чакырылыштын депутаттары ыйгарым укуктарын бир жылга узарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG