Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Укук коргоочулар Текебаевдин сабалышына байланыштуу УКМКга кайрылды


Динара Ошурахунова жана Азиза Абдирасулова
Динара Ошурахунова жана Азиза Абдирасулова

Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Динара Ошурахунова Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин (УКМК) саясатчы Өмүрбек Текебаевдин сабалышына байланыштуу ишти териштирүүгө аралашпоого чакырышты. Алар 2-декабрда ушундай кайрылуу жасап, социалдык тармакка жарыялашты.

Укук коргоочулар Текебаев кабылган жагдайды Ички иштер министрлиги териштирип жатканына карабай, УКМКнын жетекчилиги тарабынан басым болуп жатат деп эсептешет. Ошондой эле Текебаевге кол салган топтун арасынан милиция бир эле кишини камалганына тынчсыздануу билдирип, окуяга катышы бар башкаларды да кармоону сунуш кылышты. Алар Башкы прокуратураны бул жагдайга байланыштуу комментарий берүүгө чакырышты.

Азиза Абдирасулованын кайрылуу жөнүндө айткандарын бул жерден угуңуз:

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкекте албууттанган топ кол салып, уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен.

Милиция кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Иш Жазык кодексинин “Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо” беренеси менен иликтенип жатат.

Текебаев өзү бул окуяны “саясий террор” деп, ишмердиги жана шайлоодогу позициясы менен байланыштырды.

Президент Садыр Жапаров окуяны иликтөөнү жана чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев "Нур ТВ" каналына берген маегинде Өмүрбек Текебаевге кол салуу болбогонун, ал кимдир бөрөөлөр менен урушуп кеткенин айтты.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев бул окуяга байланыштуу 2-декабрда Жогорку Кеңеште маалымат берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG