Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Германия Меркелди бийликтен урмат-сый менен узатты


Ангела Меркел салтанаттуу иш-чарада
Ангела Меркел салтанаттуу иш-чарада

Берлиндеги өкмөт үйүндө Германияны 16 жыл башкарган канцлер Ангела Меркелдин урматына салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Германиянын куралдуу күчтөрү "Улуу кечки шоола" аттуу салтанат кечесин уюштурду. Кече Коргоо министрлигинин короосунда болду.

Коронавируска каршы чектөөлөрдөн улам салтанатка 200дөй адам чакырылган, анын ичинде Меркел жетектеген өкмөттө министр болуп иштеген 52 киши да бар.

Кызматынан кетип жаткан канцлер Меркел аскерлердин алдында сөз сүйлөп, мураскору Олаф Шольцко ийгилик каалап, калгандарына "ак дилден иштөөнү" табыштады.

Салтанаттын эң кызыктуу жери - Меркел жактырган музыканын коштоосундагы аскердик марш болду.

Ангела Меркел панк ырчысы Нина Хагенден “Сен түстүү тасманы унутуп койдуң”, актриса Хилдегард Кнефтин “Мага кызыл розалар жаашы керек” деген романтикалык композициясын жана “Кудай, сени мактайбыз” деген христиан гимнин аткарууну суранды.

Меркел Нина Хагендин ыры анын жаштыгы менен байланыштуу болгондуктан тандаганын айткан. Хагендин "Сен түстүү тасманы унутуп калдың" аттуу ыры 1974-жылы жазылган. Анда Меркел 20 жашта болчу.

"Улуу кечки шоола" - кызматтан узатуунун аскердик аземи немис куралдуу күчтөрүнүн жарандык калкка көрсөткөн эң жогорку сыйы болуп калды.

Бул салт 16-кылымдан башталат. Гельмут Көл өкмөт башчылыктан кеткенден бери Германиянын канцлерлерин ушундай сый менен узатуу 1998-жылдан тарта кайрадан жанданып баштаган.

Салтанат дайыма кечинде өтөт жана улуттук гимн жана марш сыяктуу бир нече музыкалык чыгармалардан турат. Мындан тышкары, салттуу түрдө факелдер жандырылат.

Европадагы башкы глобалист, Евробиримдиктин лидери Ангела Меркел саясий сахнадан кетти. Меркел Германияда 16 жылдан ашуун төрт мөөнөт катары менен канцлер болгон татыктуу лидер катары тарыхта калат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG