Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:56

Түркия: митингге чыккандар Эрдогандын отставкасын талап кылышты


Түркиянын желеги.
Түркиянын желеги.

4-декабрда Түркиянын Мерсин шаарында негизги оппозициячыл Республикалык элдик партиясынын (CHP) митинги өттү. Партия жетекчиси Кемал Кылычтароглу сөз сүйлөгөн бул жыйынга 21 миң киши катышканы кабарланды.

Митингге чыккандар Түркияда акыркы бир нече айдан бери түрк лирасынын куну түшкөнүнө жана экономикалык кризиске бийликти күнөөлөп, мындан улам президент Режеп Тайып Эрдоган жана өкмөттүн отставкага кетишин талап кылып чыгышты.

Ошол эле күнү президент Эрдоган Түркиянын Сиирт шаарында эл менен жолукту. Анда президенттин кортежиндеги машинелердин биринин алдына бомба коюлганы аныкталганын Ички иштер министрлиги билдирип, ал автоунаа дароо жок кылынганын кабарлады.

Түркияда ноябрда инфляция 22% түзүп, лиранын куну кескин ылдыйлап кетти. 10 жыл мурун бир доллардын наркы эки лира болсо, азыр дээрлик 14 лирага жетти.

Бул көрсөткүч азык-түлүк, ижара акысы, коммуналдык төлөмдөр жана жол киреге да таасирин тийгизип жатат.

Түркияда доллар менен кошо евро жана алтын да кымбаттады. Серепчилер лиранын кунунун түшүп кеткенин негизинен коронавирус пандемиясынан кийинки экономикалык кризиске байланыштырууда. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG