Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Беларус "украин тик учагы чек араны бузду" деп айыптады


Украин-беларус чек арасы. 12-ноябрь, 2021-жыл
Украин-беларус чек арасы. 12-ноябрь, 2021-жыл

Беларустун Коргоо министрлиги жекшембиде Украинанын элчилигинин аскердик атташесин чакыртып, нааразылык нотасын тапшырды.

Расмий Минск украиналык Ми-8 тик учагы алдыңкы күнү Новая Рудня айылынын жанында мамлекеттик чек араны бузганын билдирди. Маалыматка караганда, тик учак бир чакырым Беларус аймагына кирип келген. Коргоо министрлиги Украина “Беларуска каршы риториканын фонунда” чек арага жакын жерде машыгуу өткөрүп жатканын айтууда.

Украинанын чек ара кызматы ишембиде чек ара бузулбаганын жана ноябрдан бери машыгуу жүрүп жатканын билдирген. Киев ал иш-чара Беларустагы мигранттардын өлкөгө ыктымал өтүүсүнө даярдык катары уюштурулганын кошумчалады.

Эки коңшунун талашы тараптардын мамилеси начарлап кеткен учурга туура келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG