Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:40

Ява аралында жанар тоо атылып, 15 киши каза тапты


Семеру жанар тоосу атылгандан кийин. Индонезия. 5-декабрь, 2021-жыл
Семеру жанар тоосу атылгандан кийин. Индонезия. 5-декабрь, 2021-жыл

Индонезиянын Ява аралында жекшембиде Семеру жанар тоосу атылып, бери дегенде 14 киши каза болду. 56сы жараат алды.

Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар мекемеси билдирип, куткаруучулар аман калгандарды издеп жатышканын кошумчалады.

Тоо эртең менен атыла баштаган, айланадагы айылдардын тургундары коопсуз жерлерге качууга арасыз болду.

Жолдор менен көпүрөлөр керектен чыкты, бир нече кыштакты күл басып калды.

Семерунун кратеринин айланасындагы беш чакырым жерге жакындоого тыюу салынды, бийлик чатырларды тигип элди жайгаштырды.

Семеру Индонезиядагы 120дан ашуун активдүү вулкандардын бири. Акыркы жолу январда атылган, адам өлүмү болгон эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG