Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:12

Бишкек мэриясы таштандыны жер алдында сактоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырат


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкек мэриясы таштандыны жер алдында чогултуу жана сактоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырат. Аны Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылайт.

Тиешелүү жабдуулар 6 миллион сомдон ашуун каражатка сатып алынары жөнүндө жарыя Мамлекеттик сатып алуулар сайтына 3-декабрда илинди. Тендерге ылайык, арыздар 17-декабрга чейин кабыл алынат, талапкер акыркы эки жылда ушул сыяктуу үчтөн кем эмес келишимдерди аткарган болушу керек.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, "Заманбап технологиялар таштандыларды чогултуунун жана сактоонун жаңы системасын түзүүгө мүмкүндүк берет. Көчөлөр эстетикалык жактан көркүнө чыгып, таштанды контейнерлеринин тегерегинде жагымсыз жыттар болбойт".

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Бишкектин жанындагы жаңы санитардык полигондун курулушуна да колдоо көрсөткөн. Бул объект 2021-жылдын июнь айына чейин ишке түшүшү керек болчу. Жаңы полигондун аймагына таштандыларды сорттоочу завод куруу да пландаштырылган.

Бирок жалданма ишкана бөлүнгөн 22 миллион евронун 10,5 миллионун сарптап, милдеттенме толук аткарылбай калганы октябрда белгилүү болду. Натыйжада Бишкек мэриясы бул долбоордун аткаруучусу болгон эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы менен келишимди токтоторун билдирген. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, келишим токтотулбай, аталган фирма долбоорду улантууда.

XS
SM
MD
LG