Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Блинкен жана Зеленский украин-орус чек арасындагы абалды талкуулашты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

АКШ президенти Жо Байдендин Орусиянын башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүүсүн утурлай Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшкөнү маалым болду.

Зеленский “Твиттерге” жазгандай, Блинкен Орусияга украин чек арасын бузбоо тууралуу олуттуу эскертүү берилерин айтты.

“Биргелешкен жана макулдашылган аракеттерди уланта берүүнү сүйлөштүк. АКШнын стратегиялык өнөктөштөрүнө жана союздаштарына биздин эгемендикти жана аймактык бүтүндүгүбүздү колдоп жатканы үчүн ыраазымын” деп жазды Зеленский.

Бүгүн 7-декабрда Байден менен Путин кызматташтыкты видеобайланыш аркылуу талкуулаганы жатышат жана анда негизги темалардын бири Орусиянын аскердик кийлигишүүсү, Украинанын НАТОго кошулуу аракети болот.

Кошмо Штаттар эгер орус бийлиги Украинага каршы аскердик агрессиясын токтотпосо “олуттуу чыгым тартарын” буга чейин эскерткен.

Орусия Украинанын НАТОго кириши же альянстын Украинада аскер базасын орнотушу Орусия үчүн "кызыл чек" болорун айткан.

Украина орус-украин чек арасында Орусиянын 94 миң аскери турганын маалымдап жатат.

АКШнын чалгын кызматы чек арадагы аскерлердин саны 74 миң экенин, кийинчерээк 175 миңге чейин жетиши ыктымалдыгын кабарлады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG