Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Казакстанда орус жарандыгына өткөн 1,5 миң кишиге ашыкча пенсия төлөнгөн


Казакстанда кош жарандыгы бар дээрлик бир жарым миң пенсионер аныкталып, аларга 6,3 миллиард теңге (14 миллион доллардан ашык) ашыкча мамлекеттик бюджеттен төлөнгөнү аныкталды.

Бул тууралуу 6-декабрда Казакстандын эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри Серик Шапкенов депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Шапкеновдун айтымында, бул сандар өкмөттүн жарандар үчүн мамлекеттик корпорациясынын маалыматтарын Орусиянын пенсиялык системасынын маалыматтары менен салыштыруунун жыйынтыгында аныкталган.

Шапкеновдун айтымында, Казакстандын аймагында республикалык бюджеттен ашыкча төлөмдөрдүн көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 6,3 миллиард теңгени түзөт.

«Бул маалыматтын негизинде министрлик пенсиялык төлөмдөрдү алуучулардын кош жарандыгы бар экенин аныктоо жана алардан бюджеттик каражаттардын ордун толтуруу боюнча тийиштүү чараларды көрүү боюнча Финансылык мониторинг агенттигине кат жөнөттү. Тиешелүү жооп алынгандан кийин кош жарандуулук жана кош төлөм фактылары боюнча укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү механизми иштелип чыгат», - деди Шапкенов.

Учурда министрдин айтымында, кош жарандыгы бар жарандарга төлөнүүчү төлөмдөрдү аныктоо максатында Өзбекстан жана Кыргызстан менен дагы салыштыруу иштери жүрүп жатат. Чет өлкөгө туруктуу жашоого кеткенде жарандар пенсиялык топтомдорун алууга укуктуу. Келечекте аларга пенсия чегерилбейт.

Казакстанда мыйзам боюнча кош жарандуулукка тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG