“Личность-ВИЧность” подкастынын экинчи эпизодун угууга чакырабыз. Кызыл-Кыядагы ооруканада медицина кызматкерлеринин шалаакылыгы менен баласына ВИЧ жугуп калган Анара уулу кантип бул дартка кабылганы, муну уккандардын мамилеси жана ошол кезде тарткан азабы жөнүндө кеңири айтып берет.