Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:59

Тажикстанда билим алган оогандар өлкөгө кире албай жатканын айтып чыгышты  


Тажик-ооган чек арасы. Архив.
Тажик-ооган чек арасы. Архив.

Тажикстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан онго жакын ооган студенти "Озоди" радиосуна август айынан бери чек арадан өтө албай турганын айтып беришкен.

Хорог чек ара отрядынын атын атагысы келбеген офицери талибдер бийликти басып алгандан кийин Тажикстандын түштүк жагындагы чек арасын “бекем” кармоо боюнча буйрук алышканын маалымдады.

Тажикстандын университеттеринде окуган көптөгөн ооган студенттеринин визасынын мөөнөтү аяктап баратат. Алар өлкөдөгү кырдаалдан улам бардык мамлекеттик мекемелер жабык тургандыктан паспортторун жаңыртып, жаңы виза алууга мүмкүнчүлүктөрү жок экенин билдирип жатышат.

Ооганстандын Бадахшан провинциясынын тургуну, Тажикстандын агрардык университетинин студенти Амирулла Санулла бир айдан кийин визасынын мөөнөтү бүтүп каларын айтты.

Тажик Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик чек арадан өтүү маселесин чечүү алардын милдетине кирбей турганын билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG