Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Байден демократияны колдоого багытталган саммит өткөрөт


АКШ президенти Жо Байден. 6-декабрь, 2021-жыл.
АКШ президенти Жо Байден. 6-декабрь, 2021-жыл.

9-декабрда АКШнын президенти Жо Байден демократияны колдоого багытталган виртуалдык саммит өткөрөт. Ага дүйнө лидерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.

Байден шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнүн алкагында дүйнөдө авторитаризм күчөп жаткан маалда демократияны бекемдөөгө убада берген.

Президенттин администрациясы билдиргендей, дүйнө лидерлерине демократияны бекемдөөгө багытталган «ички реформаларды өткөрүү үчүн так чараларды көрүп, милдеттенмелерди алуу» сунушталат.

Жыйынга 110 мамлекеттин лидерлери чакырылган. Алардын арасында Орусия жана Кытай жок.

Өткөн аптада Орусиянын жана Кытайдын Вашингтондогу элчилери Анатолий Антонов менен Цинь Ган биргелешкен билдирүү жарыялап, анда саммитти сынга алышты.

Ошондой эле жыйынга НАТОго мүчө Түркия менен Венгриянын лидерлери чакырылбады. Ал эми Пакистан, Филиппин жана Бразилиянын лидерлери катыша алышат.

Жыйында коррупциянын бүлүндүрүүчү кесепеттери сыяктуу темалар да көтөрүлөт.

Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен буга чейин билдиргендей, чек аралаш аймактардагы кылмыштуу топтор көп учурда өкмөттөгү жетекчилер менен келишип алып, абалды дестабилдештирип жатышат.

Жыйынга Борбор Азиядан бир да лидер чакырылган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG