Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:56

"Бир Дүйнө - Кыргызстан" фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды


"Бир Дүйнө - Кыргызстан" фестивалы.
"Бир Дүйнө - Кыргызстан" фестивалы.

"Бир Дүйнө - Кыргызстан" адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын 15-мааракелик фестивалы жыйынтыкталды.

Иш-чаранын жабылуу аземи 9-декабрда Novotel конок үйүндө өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Тасмалар кинотеатрларда элге акысыз көрсөтүлүп, адам укуктарына арналган талкуулар менен коштолгон.

Бул ирет фестиваль “Каргашалар жана тобокелдиктер мезгилиндеги адам укуктары” деген темага арналган.

Балдардын укугун чагылдырган мыкты фильм боюнча белгиялык режиссёр Лоран Ван ден Хиде жеңүүчү аталса ("Радио феликс" тасмасы), Майыптыгы барлардын укугун чагылдырган тасма номинациясын кыргызстандык режиссёр Виктория Архангельская ("Жаңыртуу тасмасы"), Социалдык, экономикалык жана маданият укугун чагылдырган фильм номинациясын да орусиялык режиссёр Вячеслав Кречетов ("Шор алтыны" тасмасы) жеңип алды. Дагы бир орусиялык режиссёр Талия Тухфатуллина "Жок" аттуу даректүү тасмасы менен Гендердик теңчилик тууралуу мыкты тасма номинациясына ээ болду.

Ал эми "Улан улансын" номинациясында режиссёр Жуманазар Койчубековдун "Баатыр" тасмасы мыкты деп табылды. Калыстардын атайын сыйлыгы режиссёр Эрик Абдыкалыковдун "Мурас" тасмасына жана немис режиссёру Беджамин Росттун "Бакыт издөө портрети" аттуу тасмасына ыйгарылды.

8-декабрда фестивалдын алкагында “Азаттыктын” “Суусамыр: -40 градустагы жашоо” деп аталган тасмасы көрсөтүлгөн.

Анда деңиз деңгээлинен 3400 метр бийиктикте жайгашкан Төө-Ашууда №9 жол тейлөө ишканасында 40 градус суукта эмгектенген жолчулардын жашоосу көрсөтүлөт. Жумушчулардын көбү кышкысын жол кооптуу кезде апталап үй бетин көрбөй, атайын жатаканада түнөшөт. Сөөк какшаткан суукта жол азабын тарткан айдоочулар, жол жээктеп соодасын кылган ишкерлер тынбайт.

Адам укугуна арналган документалдуу тасмалардын эл аралык фестивалы 3-декабрда башталган. Быйыл ага 17 өлкөдөн 45 тасма түшкөн. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG