Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:29

Кыргызстан 2022-жылы тышкы карызды төлөөгө 26,6 млрд. сом жумшайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан 2022-жылы тышкы карызды төлөө үчүн 26,6 млрд. сом жумшайт. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

"2023-жылы тышкы карызды төлөөгө 34 млрд., 2024-жылы 38,8 млрд. сом бөлүү пландалган", - деди министр.

Бакетаевдин айтымында, мамлекеттин ички карызын тейлөөгө 2022-жылы 12,7 млрд. сом, 2023-жылы 13,5 млрд., 2024-жылы 18,8 млрд. сом бөлүү каралган.

2022-жылдын республикалык бюджетинин такталган тартыштыгы 9 ,1 млрд. сом деп болжолдонууда. Бул ички жана тышкы булактардын эсебинен жабылары айтылды.

Парламенттин комитети бүгүн, 10-декабрда "Кыргызстандын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүп жатат.

Буга чейин Кыргызстан Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы менен карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканы маалымдалган. Эгер маселе чечилсе 51,1 млн долларды төлөө мөөнөтү узартылат.

Соңку расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы быйыл жыл ортосунда 416 млрд. сомдон (4 млрд. 921 млн. доллар) ашты, бул сумманын 85% тышкы, 15% ички карыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG