“Чоң жетиге” кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Украинанын чек арасына орус армиясынын топтолуп жатканын талкуулоого чогулду. Алар эгер Москва Украинага каршы аскердик агрессия баштаса анын кесепети “оор жана бир топко турарын” эскерткен билдирүүнүн үстүндө иштешүүдө.
Кремль Орусия-АКШ президенттиринин кийинки саммитин өткөрүүнү сунуштап, Москва эл аралык деңгээлде “кызыл чек” деп санаган тилке боюнча “олуттуу концепциялык айырмачылыктар” бардыгын билдирди.
"Рейтер” агенттиги 12-декабрда Ливерпулда өтүп жаткан жыйындын экинчи күнүндө колуна тийген документтин көчүрмөсүнө таянып, анын катышуучулары Москвага кырдаалды курчутпай, дипломатиялык каналдарды колдонууну эскертерин жазды.
Документ “Орусиянын Украинага аскердик агрессиясынын кесепети оор жана кымбатка турарын” эскертет. Дүйнөдөгү күчтүү экономикасы бар мамлекеттер “Украинанын суверенитетин жана анын өз келечегин өзү аныктоо укугун сыйлай турганы” билдирип, Москванын “агрессивдүү риторикасын” айыптайт.
Британ тышкы иштер министри Лиз Трасс “[Орусияга] каршы биз сүйлөшүп жаткан чаралар өтө тез арада ишке кирүүгө багытталган” деп айтты.
Өткөн жумада Орусия-АКШ президенттери сүйлөшкөндө Владимир Путин Байденге бетме-бет жолугушууну сунуш кылганын 12-декабрда Кремль билдирди.
"Чоң жети" (Group of Seven - G7 ) тобуна Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана АКШ мүчө.