Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Өкмөт пенсия тармагын реформа кыларын билдирди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров пенсиялык тармакты реформалоо боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

11-декабрда өткөн жыйында Жапаров кийинки жылдын январь айынан баштап пенсиялык системаны адилеттүү жана натыйжалуу кылуу үчүн реформа баштоо пландалып жатканын билдирди. Талкууда Социалдык фонд "Келечек булагы" деп аталган стратегия сунуштады. Анда жарандардын акчасын алып, пенсиясы аз чыгып жаткан системадан арылуу чаралары каралганы айтылды. Бирок реформанын так чаралары азырынча белгисиз.

Кыргызстанда 600 миңден ашуу пенсионер бар. 2017-жылы өкмөт жыл сайын күзүндө пенсияга акча кошуп туруу жөнүндө чечим кабыл алган. 2021-жылы 1-октябрда пенсия орто эсеп менен 400 сомго көбөйгөн.

2020-жылы орточо 360 сомго, 2019-жылы 328 сомго, 2018-жылы 378 сомго көбөйгөн болчу.

Социалдык фонддун маалымдашынча, Кыргызстанда бүгүнкү күндө эң аз пенсия 700 сом, эң көбү - 145 миң сом. Маалыматка ылайык, көп акча алгандардын арасында чоң компанияларда иштегендер бар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG