Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Британия Ооганстанга берилчү жардамды 100 млн долларга көбөйтөт


Гератта жашаган ооган аял.
Гератта жашаган ооган аял.

Британия Ооганстандагы гуманитардык кризисти жөндөө үчүн 100 миллион доллар (75 миллион фунт стерлинг) бөлөт. 11-декабрда өлкөнүн тышкы иштер министри Лиз Трасс каражат “адам өмүрүн сактап калууга, аялдар менен кыздарды коргоого жана аймакта туруктуулукту кармоого” бөлүнөрүн айтты. Британ өкмөтү быйыл оогандарга 380 миллион доллар (286 миллион фунт стрелинг) каржылык көмөк көрсөтүүгө убада берген. Ал запкы жеген кыз-келиндерди колдоого жана балдарды коргоо үчүн эң зарыл муктаждыкты жабууга жумшалмакчы.

Лондондун мындай билдирүүсү “Чоң жетиге” кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Англиядагы жыйынынан кийин жарыяланды. Жыйында оогандарга берилчү жардам "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) түзгөн өкмөт аркылуу эмес, Ооганстандын гуманитардык кору, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана башка уюмдар аркылуу ишке ашары талкууланды.

15-августта ”Талибан” кыймылы Кабулдагы бийликти кулаткандан кийин Батыш өлкөлөрү Ооганстандын өз банктарындагы каражаттарын алууну чектеген. Финансылык жардам токтогон.

Өткөн айда БУУнун Ооганстан боюнча атайын өкүлү өлкө “гуманитардык апаатка” туш болушу мүмкүн экенин, 38 миллион калктын 60% ачарчылыкка кабылганын, кырдаал кыштын келиши менен начарлай турганын эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG