Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

Тажикстан жана Өзбекстанга мыйзамсыз товар өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды


Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагы.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагы.

Дем алыш күндөрү Баткен облусунун аймагынан жалпы наркы 1 миллион 350 миң сомдон ашык аткезчилик товар кармалды. Алар Өзбекстан жана Тажикстанга өткөрүлмөк.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына караштуу Чек ара кызматынан билдиришкендей, Баткен районунун Дөбө участкасынан Тажикстанга бараткан жүк кармалган. Анын болжолдуу баасы 560 миң сомду түзөт.

12-декабрда Кадамжай районунун “Вышка” участкасынан Өзбекстандын аймагына турмуш-тиричилик товарларын аткезчилик жол менен алып кирүүгө аракеттенген жаран кармалган. Ал алып бараткан товардын болжолдуу баасы 800 миң сом деп бааланган.

Кармалган кишилер жана товарлар тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын быйыл апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG