Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

BeGreen кыймылы пластикти кайра иштеткен ишкана ачууда


Эко-урналар.
Эко-урналар.

Бишкек шаарындагы BeGreen экологиялык кыймылы пластикти кайра иштетүүчү чакан завод ачып жатканын маалымдады.

Уюштуруучулар бул ишкананы ачууга Бишкекте желим таштандылардын жылдан жылга көбөйүп жатканы себеп болгонун айтууда.

BeGreen экологиялык кыймылы 2019-жылдан бери Бишкек шаарынын аймагында 500дөй эко-урна орноткон. Кыймыл желим бөтөлкөлөрдү бейчеки таштоо, өрттөө экологияга олуттуу зыян алып келерин белгилейт.

Пластикти кайра иштетүүчү чакан заводдун ачылышы 17-декабрда өтөт. Ага өлкөдөгү блогерлер, жарандык активисттер катышат. Иш-чарада экологияга байланыштуу фото көргөзмө өткөрүлөт.

Кыш түшкөнү Бишкек мэриясы шаар тургундарына кайрылып, зыяндуу таштандыларды өрттөөгө тыюу салынганын, бул үчүн жаза чарасы каралганын эскерткен. Шаар бийлиги түтүндөн чыккан химиялык заттар абаны булгап, шаар тургундарынын ден соолугуна зыян тийгизип жатканын белгилейт.

Пластик, резина буюмдарын, тигүү цехтеринен чыккан кездеменин өөндөрүн өрттөп же отун катары жагып жаткандар болсо ар бир райондогу инспекцияга (Свердлов району: 0551551745, Октябрь району: 0505523832; Биринчи май району: 0555404818 жана Ленин району: 0554222213) чалып кабарлоо керектиги айтылган. Мыйзамда жазылгандай, мындай фактылар аныкталса, 7-23 миң сомдон айыппул салынат.

Бишкекте соңку жылдары кыш башталганы шаарды ыш каптап, аба булганганы олуттуу көйгөй болууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG