Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

“Дин тутуу эркиндиги жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду


Кыргызстандагы мечиттердин бири.
Кыргызстандагы мечиттердин бири.

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жаңы Баш мыйзамга шайкеш келтирүү үчүн "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Бул тууралуу koomtalkuu.gov.kg сайтында жарыяланды.

Анда Кыргызстандын жарандарынын дин тутуу, диний бирикмелердин укук-милдеттери кенен жазылган. Мыйзам долбоорунда Кыргызстанда дин жана диний бирикмелер мамлекеттен бөлүнгөнү белгиленген.

Бардык диндер жана диний бирикмелер мыйзам алдында бирдей экени, “бир дагы дин же атеисттик идеология мамлекеттик же милдеттүү боло албайт” деп жазылган. Өлкө саясатына диний уюмдардын жана ишмерлердин аралашуусуна тыюу салынганы белгиленген. Мыйзам долбоорунун толук мазмунун бул жактан окуңуз.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган. Статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкө калкынын 80% ашууну мусулманчылыкты карманат.

Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Жалпысынан өлкөдө 3 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн.

Христиан багытындагылардын саны 399, калгандары башка диндердин өкүлдөрү. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG