Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Жээнчороев: БШК 30% квота жобосун мыйзам бузуу менен кабыл алды


Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

"Альянс" партиясынын тең төрагасы Мирлан Жээнчороев Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 30% гендердик квотаны сактоо боюнча жобону өзгөртүүдө ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзам бузулган деп эсептейт.

Жээнчороев бул тууралуу “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө билдирди.

“Мыйзамга ылайык, төрт пункт бар. 7-беренесинде жазылып турат, бир ай мурда сайтка илинип, коомдук угууга алып чыгыш керек. Анан кабыл алышы керек. Силер мыйзамды бузуп, кабыл алдыңар”, - деген Жээнчороев Боршайкомду “саясий заказ” аткарды деп айыптады.

Ага Борбордук шайлоо комиссиясы төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров эч кандай мыйзам бузулбаганын айтып, 30% квотаны туура бөлүштүрүү үчүн жобо өзгөртүлгөнүн айтты.

“Конституциялык мыйзам саналган, президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мыйзамынын 64-беренесинде так жазылып турат. Саясий партиялар 30% кем эмес аял депутаттардын парламентте болушун камсыз кылат деп. Бул мыйзам талабы. Биз ошол талапты аткардык.

16-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота боюнча жобону өзгөрттү. Ага ылайык, "Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча мандат алмай болду. БШКнын мындай аракетин Акаев жана «Альянс» партиясынын жетекчилиги сынга алып, атайлап уюштурган деп атады. (TSh)

XS
SM
MD
LG