Президент Садыр Жапаров 18-19-декабрда Жалал-Абад облусуна иш сапарда болорун бүгүн мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, президент бир катар объектилердин ачылыш аземине катышып, өнөр жай ишканаларынын, облустук клиникалык оорукананын иши жана жол курулушунун жүрүшү менен таанышат.
18-декабрда күндүн биринчи жарымында ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жаңы имаратынын ачылышына катышып, андан кийин жергиликтүү аксакаладар менен жолукту.
Акыркы жолу Жапаров Жалал-Абад облусунда президенттин милдетин аткаруучу катары 2020-жылдын 3-ноябрында болгон. Ал жергиликтүү эл менен жолугуп, ошол кезде пландалып жаткан конституциялык реформа тууралуу айтып, облустун социалдык-экономикалык маселелерин такуулаган. (RK)