Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Кожобеков ОшМУнун ректору болуп кайрадан иштеп баштады


Кудайберди Кожобеков.

Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына киришти. Ал кызматынан убактылуу гана четтетилгенин Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңешке шайлоого үгүт иштерине Ош шаарындагы студенттердин катышканы үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-ноябрда Кожобековду кызматтан алган. Өкмөттүн басма сөз кызматы бул боюнча маалымат берген жок.

Кожобеков менен кошо Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Б. Муратбаев жана ошол эле факультеттин үч окутуучусу кызматынан алынган.

Ош шаарында 3-ноябрда "Азаттык" партиясынын жолугушуусуна студенттер мажбур катыштырылганын шаардык милиция аныктаган. Ондон ашуун студенттер жана окуу жайдын мугалимдери суракка тартылган.

21-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушкан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG