Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Бактыбек Калмаматов 9-февралга чейин камалды


Бакытбек Калмаматов.
Бакытбек Калмаматов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту оппозициячыл саясатчы Бактыбек Калмаматовду 9-февралга чейин камоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу анын адвокаты билдирди.

Саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду Улуттук коопсуздук комитети "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айыптап, 22-декабрда камакка алган.

22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда "Манас" эл аралык аэропортунан кармалган.

Калмаматовдун адвокаты Мырза-Айым Камчыбекованын айтымында, атайын кызмат Калмаматовго Фейсбуктагы "Нур Азиз" аттуу колдонуучу жазган билдирүүлөр боюнча айып коюп жатат.

Бийликти кескин сындап келаткан Бактыбек Калмаматов ушул жылдын 11-январында өткөн президенттик шайлоого катышкан.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% чектен өткөн эмес. Калмаматов 2010-жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен депутат болгон. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG