Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:35

Европада коронавирусту жугузуп алгандар көбөйүүдө


Франциядагы коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган ооруканалардын бири. 15-декабрь 2021-жыл.
Франциядагы коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган ооруканалардын бири. 15-декабрь 2021-жыл.

"Омикрон" штаммы Европанын бир катар өлкөлөрүндө COVID-19га чалдыккан адамдардын санын көбөйттү. 23-декабрда Испанияда коронавирусту жугузуп алгандардын саны үчүнчү күн катары менен эң жогорку чегин көрсөтүп жатат. Францияда, Улуу Британияда жана Италияда да бир күн ичинде инфекциялангандардын саны жогорулап баратат. Германияда "омикрон" штаммына кабылган бир бейтап көз жумду.

Мындан улам Европанын бир катар өлкөлөрүндө Рождество жана Жаңы жыл майрамдары чектөөлөр менен коштолууда. Италия эл көп катышкан жаңы жылдык иш-чараларга тыюу салды. Грекияда да Рождествого арналган фестиваль, майрамдык кечелер өтпөй турган болду. Эки өлкөнүн тең жарандары көчөдө беткап тагынып жүрүүгө милдеттендирилди.

АКШнын айрым штаттарында да вирустун жаңы варианты тез жайылууда. Айрым шаарларда майрамдык иш-чараларга тыюу салынган. Нью-Йорктун бийлиги Таймс-сквер аянтындагы жаңы жылдык кечеге мурдагыдан аз жана эмдөөдөн өткөн адамдар гана катышарын, иш-чара толугу менен сыртта өткөрүлөрүн билдирди.

Саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер Рождество жана Жаңы жыл майрамдары учурунда эл эки жакка көп каттагандыктан коронавирусту жугузуп алгандар көбөйүшү мүмкүндүгүн эскертип жатышат.

Американын автомобиль ассоциациясынын эсеби боюнча, 23-декабрдан 2-январга чейин өлкөдө 109 миллион киши автоунаа, учак жана башка транспорттун түрлөрү менен сапарга чыгышы мүмкүн. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 34 пайызга көп.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG