Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:05

АКШ менен Украина орус президентинин сөздөрүн четке кагышты


Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки.

АКШ менен Украина орус президенти Владимир Путиндин "Киев Украинанын чыгышында аскердик операцияга даярданып жатат" деген мүнөздөгү билдирүүсүн четке кагышты. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки орус-украин чегинде бир гана Орусия агрессиялык аракеттерге жол берип жатканын айтты.

"Украина менен Орусиянын чек арасында биз күбө болгон бир гана агрессия бар. Ал орус тараптын аскерлерин топтоп жатышы жана орус лидеринин кастык маанайдагы риторикасы", - деп билдирди бейшемби күнү Жен Псаки.

Ал НАТО коргонуу максатын көздөгөн уюм экенин, анын башка бир максаты бар экенин күбөлөгөн эч кандай далил жоктугун кошумчалады.

Украинанын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Олег Николенко да Путиндин айткандары суу кечпей турганын белгиледи.

Путин 23-декабрдагы маалымат жыйынында Украина Донбасста аскердик операция даярдап жатышы мүмкүндүгүн, Москва "мындай коркунучту" көз жаздымда калтырбай турганын айткан.

Соңку жумаларда АКШ, НАТО жана Киев Украинага жакын аймакта жүз миңдей орусиялык аскерлер жайгашканы боюнча кооптонуп, коңгуроо кагып жатышат. АКШнын расмий бийлиги Москва жакынкы айларда Украинага кол салышы мүмкүн экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG