Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Венада Ирандын өзөктүк келишими боюнча сүйлөшүүлөр уланды


Венадагы сүйлөшүүлөр, 17-декабрь 2021-жыл.
Венадагы сүйлөшүүлөр, 17-декабрь 2021-жыл.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимди кайра жандандырууну көздөгөн сүйлөшүүлөр 27-декабрда Вена шаарында кайра башталды. Тегеран сүйлөшүүлөрдө Ислам Республикасына каршы санкцияларды алып салуу жана Вашингтондун келишимге кайтып келерине “кепилдик берүү” маселеси каралышы керектигин билдирди.

Талкууга төрагалык кылып жаткан Евробиримдиктин өкүлү Ален Маттон Твиттерде "Вена сүйлөшүүлөрүнүн 8-раунду жаңы эле башталды" деп жазды.

Венада апрель айында башталган сүйлөшүүлөр Иранда Батышка каршы турган, ашынган консерватор саясатчы Ибрахим Раиси президент болуп шайлангандан кийин токтоп калып, кайра ноябрь айынын соңунда жанданган. Раисинин тушундагы биринчи сүйлөшүүлөрдүн жетинчи айлампасы Тегеран жаңы талаптарды кошкондон кийин 17-декабрда аяктаган.

Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиян сүйлөшүүлөрдү кайра баштаар алдында АКШнын санкцияларын алып салуу жана Вашингтондун келишимге кайтып келерине “кепилдик берүү” маселеси күн тартибинде каралышы керектигин билдирди.

"Биз үчүн эң маанилүү маселе биринчиден, ирандык мунай оңой жана тоскоолдуксуз сатыла турган чекке жетүү", - деди ал.

Буга чейин Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Венадагы сүйлөшүүлөр бир нече жуманын ичинде жыйынтыкталышы мүмкүндүгүн айткан.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар алынган.

2018-жылы АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы бул келишимден чыгып кетип, санкцияларды кайра жанданткан. Тегеран буга жооп кылып, келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тартып, уран байытуу аракетин күчөткөн.

Трамптан кийин быйыл январда ишке киришкен президент Жо Байден эл аралык келишимге кайра кошулууну убада кылып, бирок Иран документтин шарттарын толук аткарышы керек экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG