Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

COVID-19: бир бейтап кайтыш болду


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 28-декабрдагы маалыматына караганда, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 вирусунан бир киши кайтыш болду. Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан жалпы 2 798 киши көз жумду.

Өткөн суткада 46 адам COVID-19 вирусун жаңы жуктуруп алганы аныкталган. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкекте жана Чүй аймагында.

  • Бишкек шаары - 19
  • Чүй облусу - 10
  • Ош облусу - 4
  • Нарын - 1
  • Ысык-Көл облусу - 5
  • Жалал-Абад облусу - 5
  • Баткен облусунда - 2.

Азыркы учурда өлкө боюнча 589 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Алардын 264ү ооруканада болсо, 325 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 28-декабрга карата 1 млн. 215 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын бир миллиондон ашууну эки дозаны тең сайдырышты. (JsA)

XS
SM
MD
LG