Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

Сокулукта 18 гектар айдоо жер трансформацияланды


Бишкектин четиндеги айдоо жери. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектин четиндеги айдоо жери. Иллюстрациялык сүрөт.

Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагындагы 18 гектар айыл чарба багытындагы жер калктуу конуштардын категориясына которулду. Бул тууралуу чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, аталган чечим Новопавловка айыл аймагында социалдык объектилерди куруу максатында кабыл алынган.

Президент Садыр Жапаров "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга буга чейин кол койгон. Жапаров 22-ноябрда кызыл китеби жок жер тилке ээлери менен жолугушкан.

Кыргызстан боюнча 13 миң гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен аларга үйлөр салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көп бөлүгү 2005-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алынган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG