Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

COVID-19: АКШда симптомдору жоктор үчүн карантин кыскартылды


АКШдагы лаборатория
АКШдагы лаборатория

АКШ COVID-19 оорусуна чалдыгып, бирок симптомдору байкалбаган бейтаптар үчүн карантинди 10 күндөн 5 күнгө чейин кыскартты. Илдеттерди алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору 27-декабрда билдиргендей, беш күндүк изоляциядан кийин инфекцияланган киши дагы 5 күн беткап тагынып жүрүүгө милдеттүү.

Мындай өзгөртүү өлкөдө коронавирустун "омикрон" варианты тарап жатканына байланыштуу кабыл алынды. COVID-19ду жугузуп алгандар көбөйгөндүктөн, айрым жерлерде кызматкерлер менен жумушчулар жетишпей жатат. Жаңы эреже ооруп калгандардын иш ордуна тезирээк кайтуусуна шарт түзмөкчү. Чечим илимге таянып кабыл алынганы айтылды. Анткени коронавирус илдеттин белгилери байкалгыча 1-2 күн калганда жана андан кийинки 2-3 күндүн ичинде жугат.

Эмделбеген же бустерди ала элек адамдар үчүн жаңы кеңештер берилди. Үчүнчү доза сайдыргандар вирусту жугузуп алса, карантинге алынбайт, бирок 10 күн бет кап тагынып жүрүшү керек.

XS
SM
MD
LG