Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Молдованын экс-президенти 12 млн. доллар уурдоого катышы бар деп шектелүүдө


Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон.
Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон.

Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон 2008-жылы электроэнергия импорттоодо 12 миллион доллардын уурдалышына катышы бар деп шектелүүдө. Бул тууралуу ал Башкы прокуратурага сурак берип чыккандан кийин билдирди.

Ал кезде Додон экономика министринин кызматын аркалап турган. Экс-президент бейкүнөө экенин жана тергөө менен бул жатта кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

“Эч кайда качпайм. Айрым маалымат каражаттары “Додон өлкөдөн качты” деп шоу жасап жатышат”, -деди ал.

Тергөөнүн версиясына ылайык, 2008-жылдын башында Молдовага электрэнергия импорттогон Energocom компаниясынын жетекчилиги аткаминерлер менен сүйлөшүп алып кылмыш схемасын түзүшкөн. Алар электроэнергияны сатып алуу баасын негизсиз көтөрүп, айырмадан түшкөн акчаны өз чөнтөгүнө салып турушкан. Прокурорлордун эсебинде, бул сумма 11,97 миллион долларды түзгөн.

Орусиячыл Социалисттер партиясын жетектеген Додон мамлекет башында 2016-2020-жылдары турган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG