Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Коомдук жана маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктар берилди


Асылбек Өзүбеков.
Асылбек Өзүбеков.

Президент Садыр Жапаров бир катар мамлекеттик-коомдук ишмерлерди, маданият, билим берүү тармагынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.

Ага ылайык Кыргыз Эл артисти наамы Бегайым Жайчиевага, Турусбек Жумалиевге, Алымкул Исаковго, Кайымбек Кускаковго, Кулбара Маматовага, Александра Марусичке, Гүлшан Молдоевага, Исабек Муратовго, Асылбек Өзүбековго, Реджабай Тажибаевге, Жолдош Эркимбаевге ыйгарылды.

II даражадагы “Манас” ордени менен композитор Сардарбек Жумалиев, скульптор Виктор Шестопал, III даражадагы “Манас” ордени менен жазуучу Мелис Абакиров, генерал-майор Шейшенбек Байзаков, академик Алтай Бөрүбаев, генерал-майор Кубатбек Кожоналиев, профессор Мамбетакун Намазбеков, генерал-полковник Мырзакан Субанов сыйланды.

"Данакер" ордени менен академик Абдылдажан Акматалиев, "Даңк" ордени менен Кубанычбек Абдраков, Дамира Дөөлөталиева, Кубанычбек Козубеков, Болотбек Малдыбаев, Марат Сагымбаев, Гүлшайыр Садыбакасова, Геннадий Сироткин сыйланган.

Кыргызстандын Ооганстандагы элчилигинин чарба башчысы – айдоочусу Нурлан Орузбаев Эрдик медалы менен сыйланды.

Президенттин жарлыгы менен дагы бир топ мамлекеттик-коомдук ишмерлерге наамдары ыйгарылды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG