Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Токтогулда суу былтыркыдан 2,3 млрд. куб метрге аз


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 2,3 млрд. куб метр аз. "Электр станциялары" ишканасынын сайтында суу сактагычтагы суунун көлөмү 10 млрд. (10,153.68) куб метр деп турат. 2020-жылы 31-декабрда (12,301.70) 12 млрд. куб метр болгон.

Быйыл март айынын аягында "Токтогулда" суунун көлөмү 8 миллиард куб метр чейин азайган. Энергетиктер керектөөлөр өскөнүн эске алганда, алдыдагы кыштан кийин - 2022-жылдын 1-апрелине барып, суунун көлөмү 6 млрд. кубометрге чейин азайышы мүмкүн деп болжойт. Бирок, өкмөт Токтогул гидроэлектр станциясында (ГЭС) коллапска жол бербей турганын убада кылууда.

Оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Кыргызстан Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алат, Түркмөнстандан да импорттойт. Министрлер кабинети Орусиядан электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

"Түндүк электр" ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген.

Токтогул суу сактагычы Нарын дарыясына курулган. Ага башка дагы бир катар дарыялар – Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башкалар куят. Өткөн жылы өлкө бийлиги аба ырайына байланыштуу суу аз болорун эскерткен. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG