Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

ИИМ: майрам күндөрү мас айдоочуларга каршы чаралар күчөтүлөт


Ички иштер министрлиги Жаңы жылдык майрам күндөргө карата коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирди. 102 кызматы күнү-түнү иштеп, жарандардын кайрылууларын кабыл алат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Милициянын кайгуул кызматы жол кырсыктарын алдын алуу үчүн мас абалындагы айдоочуларга бөгөт коюу чаралары күчөтүлө турганын билдирди.

31-декабрда Бишкек жана бардык аймактардын борбордук аянтында майрамдык ар кандай иш-чаралар уюштурулат. Жаңы жыл майрамына байланыштуу кыргызстандыктар тогуз күн эс алат. Министрлер кабинетинин чечмине ылайык, жумасына беш күн иштеген жарандарга 2022-жылдын 1-9-январь күндөрүнө чейин дем алыш.

Кыргызстанда январь айынын бири - Жаңы жыл, жетиси - Иса пайгамбардын туулган күнү катары кызыл менен белгиленген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG