Гидрометкызматы кабарлагандай, 1-январда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондоруна кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондоруна кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...+1, күндүз 6...11,
Талас жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12,
Ысык-Көл облусунда түнкүсун -2...-7, күндүз 1...6,
Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -4...-9,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24...-29, күндүз -5..-10°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз 8…10°.
Facebook шеринеси