Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:26

Израил АКШдан аскер учактарын сатып алат


Эвакуациялоо учурунда Бейрут портундагы британиялык Chinook тик учагы.
Эвакуациялоо учурунда Бейрут портундагы британиялык Chinook тик учагы.

Израилдин Коргоо министрлиги 31-декабрда АКШдан жалпы наркы 3,1 миллиард долларлык аскер учагын жана тик учактарды сатып алуу боюнча келишимге кол коюлганын жарыялады.

Түзүлгөн келишимге ылайык, Тель-Авив 12 Ch-53K тик учагын жана эки Boeing KC-46 май куюучу учакты сатып алууну карайт. Бул келишимде ага кошумча алты тик учак сатып алуу мүмкүнчүлүгү да камтылган. Тик учактарды Израилге жеткирүү 2026-жылы башталса, май куюучу учактар 2025-жылы берилет.

Израил армиясынын өкүлү ырастагандай, азыркы учурда Тель-Авив 4 даана KC-46 учагын сатып алып, өлкөгө тез арада жеткирүүгө үмүттөнөт.

Израилдин маалымат каражаттары май куюучу учактар Ирандагы өзөктүк объекттерге каршы алыскы аралыктагы миссияларды аткаруу үчүн чечүүчү мааниге ээ болушу мүмкүн деп жазды. Израил буга чейин Иран өзөктүк курал жасаса, алсыз жерлери бутага кабылышы мүмкүн деп камтама болгон. Ал эми Иран аны өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөй турганын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG