Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Маданият министрлиги төрт телеканалдын лицензиясын токтотту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик тил жана ата мекендик өндүрүш боюнча эреже талаптарын сактабагандыгы үчүн "8 канал", "РТВ Медиа", "НТВ КейДжи" жана "Домашний" телеканалдарын аналогдук берүүдө жана санариптик пакетте эфирге чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

“Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамда белгиленген талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында, мыйзамдагы жобонун 31-пунктуна ылайык, мурда эскертүү алган жана айып пул төлөгөн телеканалдар мамлекеттик тил жана ата мекендик өндүрүш боюнча эреже талаптарды сактабагандыгы аныкталган.

Азырынча аталган телеканалдардын өкүлөрүнөн пикир алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкө аймагындагы телеканалдарга мониторинг кылып жатканын эскертет.

Министрликтин 2020-жылдагы маалыматына караганда, бүгүнкү күнү Кыргызстанда 60тан ашуун менчик ТВ, радио каналдар бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG