Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:59

Кытай инвесторлорунун ишканаларын калыбына келтирүү талкууланды


Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргызстандагы Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргызстандагы Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Эки тарап кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрмө пункттарында жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү, кытайлык инвесторлордун өнөр жай ишканаларын калыбына келтирүү жана жандандыруу, ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин сүйлөштү.

Бажы кызматынын башчысы Адилет Кубанычбеков Кытай менен Кыргызстандын чек арасындагы Торугарт жана Эркечтам бекеттери аркылуу күнүнө 150дөн ашык жүк ташуучу унаа өтүп жатканын билдирген. Октябрда кыргыз-кытай чек арасынан 50-60 жүк ташуучу унаа өтүп жаткан.

2020-жылы коронавирус пандемиясы башталган учурда чек арасын толук жапкан Кыргызстан бир жарым жылдан бери Кытай менен соода алаканы жакшы жандантуу аракетин көрүүдө. 2022-жылы Кыргызстан менен Кытайдын дипломатиялык мамилесине 30 жыл болот. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG