Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Түркияда тажик оппозициясынын өкүлү кармалды


Насим Шарипов.
Насим Шарипов.

Стамбул шаарында Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" кыймылынын активисти Насим Шарипов кармалды. "Азаттыктын" тажик кызматы аталган оппозициялык кыймылдын маалыматына таянып билдиргендей, 30-декабрда жарандык кийимчен түрк полициясы кызматкерлери ал жашаган үйгө келип, колуна кишен салып алып кеткен.

Шариповдун эмне себептен кармалганы анык эмес. "Группа 24" кыймылы аны тажик өкмөтүнүн суранычы менен кармашканын божомолдоп жатат. Азырынча расмий маалымат жок.

Насим Шарипов 2015-жылдан бери Түркияда жашап, ишкерлик менен алектенерин билдирген кыймылдын жетекчилиги аны бошотууга жардамдашууну сурап эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылды.

Насим Шариповду 2018-жылдын 19-мартында да Стамбулда полиция кармап, бошоткон эле. Ал Душанбенин суранычы менен колго түшкөнү, бирок Түркия Шариповду Тажикстанга өткөрүп берүүдөн баш тартканы кабарланган.

"Группа 24" кыймылын Тажикстандын Жогорку соту 2014-жылы экстремисттик деп тапкан. 2015-жылдын 5-мартында Стамбулда кыймылдын жетекчиси Умарали Кувватов киши колдуу болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG