Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Зомбулукка каршы Айзада Канатбекова атындагы фонд түзүлөт


Айзада Канатбекова.
Айзада Канатбекова.

Бишкекте 2021-жылы 5-апрелде уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова зомбулукка кабылган аялдардын укугун коргоо боюнча иштеген фонд түзөт. Бул тууралуу маркумдун жакындарынын жактоочусу Нурбек Токтакунов “Азаттыкка” маалымдады.

“Өзүбүз фонд ачып жатабыз. Анткени өкмөт, укук коргоо органдары кызматкерлерин шалаакылыгы боюнча жоопко тартпаса, коомчулук өзүбүз окуяларды иликтейбиз”, - деди Токтакунов.

25-майда Айзада Канатбекованы өлтүрүү боюнча кылмыш иши кыскарды. Буга 27 жаштагы кызды кыйнап өлтүргөн Замирбек Теңизбаев өз жанын да кыйганы негиз болгон. Ал эми милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергеп жатат.

Айзаданын өлүмүнө байланыштуу төрт адам кармалган. 40тан ашык милиция кызматкери иштен алынганы айтылган.

Апрель айынын башында Бишкекте Айзаданы бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган кишинин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Бишкек шаардык милициясы 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирген. Кийинчерээк милиция Айзада Канатбекова киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталганын кабарлаган.

Бул окуя коомдо чоң резонанс жаратып, нааразылык акциялары өткөн жана милиция кызматкерлери катуу сынга кабылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG