Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:14

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти "чет элдик агенттер" тизмесинин кеңейишин айыптады


Эркин Европа/Азаттык радиосунун Москвадагы жаңылыктар бөлүмү, 6-апрель, 2021-жыл
Эркин Европа/Азаттык радиосунун Москвадагы жаңылыктар бөлүмү, 6-апрель, 2021-жыл

“Эркин Европа/Азаттык” медиакорпорациясынын президенти Жейми Флай радиостанция менен кызматташкан медиа уюмдардын “чет элдик агенттер” реестрине киргизилгенин айыптады.

"Бүгүнкү күндө "Азаттык" радиосунун эки журналистинин "чет элдик агенттер" тизмесине кошулушу менен радиостанцияда иштеген жалпы орусиялыктардын саны 18ге жетти. Бул иш-аракеттер бизди орус аудиториясы үчүн иштөөнү токтотууга мажбурлабайт", - деди Флай.

30-декабрда "чет элдик агенттердин" тизмесине "Азаттык" радиосунун социалдык тармактарынын редактору Иван Беляев, "Север.Реалии" телеканалынын журналисти Елена Владыкина, Биринчи каналдын директорунун мурдагы орун басары жана Орусиянын Коомдук палатасынын мурдагы мүчөсү Марат Гельман кошулду.

The New Times журналынын баяндамачысы Виктор Шендерович, Cold журналынын башкы редактору Таисия Бекбулатова, Pussy Riot катышуучулары Надя Толоконникова жана Вероника Никульшина, ишкер жана "Ойл" киноклубунун негиздөөчүсү Андрей Алексеев киргизилген.

Толоконникова Фейсбукта жазгандарына маркирлөө коюуга ниети жок экенин жана бул чечимди сотто талаша турганын жазып чыкты:

"Биз бул позиция баарына ылайыктуу эмес экенин эскертебиз. Бирок адамдар бул тозоктун барагындай кагазды толтурууга тийиш", - деп белгиледи активист.

Андрей Алексеев "Биз түшүндүрө алабыз" телеграм каналына сентябрь айынан бери Юстиция министрлигинин реестрине кирүү ыктымалдыгы тууралуу расмий эмес билдирүүлөрдү алганын айтты.

"Биз Германиянын Фридрих Науман фонду менен биргеликте кино көрсөтүүлөрдү өткөрүп жатканыбызды эч качан жашырган эмеспиз, бул тууралуу дайыма ачык айтып келебиз", - деп баса белгиледи ишкер.

Орусиянын Юстиция министрлиги маалымат каражаттарына жана бейөкмөт уюмдарды тизмелеп, "чет элдик агенттердин" бир нече реестрин жүргүзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG