Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

Президент Жапаров "Голос" сынагынын жеңүүчүсү Волкодавды куттуктады


Александр Волкодав
Александр Волкодав

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Биринчи телеканалында өткөн “Голос” музыкалык сынагында жеңүүчү болгон кыргызстандык ырчы Александр Волкодавды куттуктады. Өлкө башчысы куттуктоосун Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Мекендешибиз сынактын бардык баскычтарын ийгиликтүү өтүп, мыктынын мыктысы экенин далилдеди. Мекендештерибиздин арасында Кыргызстандын даңкын өлкө сыртына да даңазалаган таланттуу жаштар бар экенине абдан сыймыктанабыз. Александрдын жеңиши биз үчүн жаңы жылдык эң сонун белек болду. Ага мындан ары дагы албан-албан ийгиликтерди, чоң-чоң жетишкендиктер менен жеңиштерди каалайм", - деген президент.

30-декабрда Орусиянын Биринчи телеканалында өткөн “Голос” музыкалык сынагында кыргызстандык ырчы Александр Волкодав жеңүүчү болгон. Сынактын финалында кыргызстандык ырчы казакстандык Ернар Садирбаев, Алишер Каримов жана орусиялык Элина Пан таймашты. Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча, шоунун жеңүүчүсү болуп кыргызстандык Александр Волкодав табылса, экинчи орунга казакстандык ырчы Алишер Каримов ээ болду.

Финалда Александр Волкодав "Казачья" жана "Серенада трубадура" аттуу эки чыгарманы аткарган.

Волкодав 24-декабрда өткөн жарым финалда орусиялык аткаруучу Юлия Кошкина менен күч сынашып, финалга чыккан эле.

Быйылкы сынакка Кыргызстандан дагы бир ырчы Адилет Жумабеков катышып, 3-турга чейин жеткен.

“Голос” долбоору 2012-жылдан бери өткөрүлүп келүүдө. Буга чейин 2016-жылдын аягында сынактын финалына кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев чыгып, 3-орунду алган. Ал эми добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча орусиялык ырчы Дарья Антонюк жеңүүчү аталган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG