Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:49

Иран жаңы ракета учурду


Иран. Космос станциясы.
Иран. Космос станциясы.

Өткөн бейшемби күнү АКШ Ирандын жаңы ракета учуруусуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, бул иш-чара өлкөнүн баллистикалык ракета программасына олуттуу жардам бере турган жабдууларды колдонууда.

Иран асманга үч спутниги бар ракета учурганын айткандан кийин, Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Вашингтон Ирандын ракета учуруучу жабдууларын өнүктүрүүгө тынчсызданып жатканын билдирди.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы кошумчалагандай, Ирандын ракета учуруусу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин №2231 резолюциясына каршы келет. Бул чечим 2015-жылкы өзөктүк келишимди колдоо максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган резолюция Иранды өзөктүк дүрмөттөрдү алып жүрүүгө жөндөмдүү баллистикалык ракеталарды жасап чыгаруудан алыс болууга чакырат.

30-декабрда Ирандын Коргоо министрлиги "Симург" ракетасы 470 чакырым бийиктикке чейин учканын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG