Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Словакияда эмдөөдөн өткөндөргө 300 евро берилет


Словакия. Зилинадагы эмдөө
Словакия. Зилинадагы эмдөө

Словакияда 60 жаштагы жана андан жогорку жаштагы жарандарды COVID-19га каршы эмдөөгө тартуу үчүн Каржы министрлиги атайын жеңилдиктерди карады.

Тактап айтканда, эмделген же 2022-жылдын 15-мартына чейин эмдөөгө катталган жарандар 300 евро өлчөмүндө акчалай сыйлык алышат.

Мындай материалдык колдоо Словакияда туруктуу жашаган, өлкөдө узак убакытка чейин жашоо укугу бар жана 15-январга чейин COVID-19 вакцинасынын биринчи, экинчи же үчүнчү дозасы менен эмделген жарандарга гана тиешелүү.

Словакиянын Каржы министрлиги почта аркылуу жарандарга эмдөө жеринде көрсөткөн дарегине 300 евролук чектерди жеткирип берип турат.

Азыр Словакияда 2,4 миллиондон ашык жаран биринчи вакцинаны алды. Эки жарым миллиондон ашуун адам толук эмдөөдөн өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG